Радио

Чокоева: ДКОнун ачылышында ооз комузчулар элдин назарын бурду

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын катчылыгынын маалымат катчысы Бегимай Чокоева иш-чаранын ачылыш аземи жогорку деңгээлде өткөндүгүн айтты.
Sputnik
Чокоева: ДКОнун ачылышында ооз комузчулар элдин назарын бурду

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын ачылышында ооз комузчулар көрүүчүлөрдүн көңүлүн өзгөчө бурду. Бул тууралуу Бегимай Чокоева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган иш-чаранын ачылыш салтанатын кыргызстандыктар менен бирге чет элдик коноктор да кызыгуу менен көрүшкөн.

"Иш-чаранын өзгөчөлүктөрүн айта кетсам, бир катар мамлекеттердин өлкө башчылары, абройлуу адамдар келип, салтанатка катышты. Мурунку Оюндарында 1000 комузчунун комуз ойногон даңазасы алыска кетсе, быйыл ооз комузчулар катышуучуларды таң калдырып, көрүүчүлөр тарабынан жогору бааланды. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элеси сахнада чагылдырылып, иш-чаранын ачылышы жогорку деңгээлде өттү", — деди Чокоева.

Ал, мындан сырткары, ДКОго тиешелүү кызматкерлердин баары өз жумушун так аткарып, иш-чара план боюнча кетип жатканын кошумчалады.