Бишкекте унаа коюп кетип, аял каза болду

Милицияга саат 22.25де кырсык тууралуу маалымат түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Бишкек ЖКККББ Ахунбаев менен Шүкүралиев көчөлөрүнүн кесилишинде унаа аялды коюп кеткенин маалымдады. 

Милицияга кырсык тууралуу маалымат кечки саат 22.25де келип түшкөн. Окуянын кесепетинен жабырлануучу аял ошол жерден жан берген. 

Тез жардам кызматы болсо аталган дарек боюнча саат 22.20да чакыруу түшкөнүн маалымдап, бир унаа жөнөп кеткенин билдиришти.