БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Бишкекте бириничи жолу спорт жана ден соолук фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Sport Fest 2018" аталышындагы иш-чара борбор калаада 30-сентябрда уюштурулат. Ага шаар тургундары менен меймандар катышып, өз күчтөрүн сынай алышат. Анда түрдүү мелдештер, атайын мастер-класстар жана сынактар өткөрүлөт.
Фестивалдын максаты жарандарды сергек жашоо мүнөзүнө жана туура тамактанууга үндөө.