Бишкекте жаңы аллея пайда болду. Сүрөт

Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн бир жумадан бери аймакты жакшыртуу иштери аткарылып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Бишкекте Байтик баатыр менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде шаардыктардын эс алуусу үчүн жаңы аллея пайда болду. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

1 / 3
Бишкекте Байтик баатыр менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде шаардыктардын эс алуусу үчүн жаңы аллея пайда болду
2 / 3
"Бишкекзеленхоз" менен "Тазалык" бир жума бою аталган аймакты жакшыртуунун үстүндө иштешкен
3 / 3
Аллеяга отургучтар, таштанды салчу челектер орнотулуп, жашыл өсүмдүктөр отургузулду. Мындан сырткары, аймак өзгөчө таштар менен кооздолгон.

Билдирмеге караганда, "Бишкекзеленхоз" менен "Тазалык" бир жума бою аталган аймакты жакшыртуунун үстүндө иштешкен.

"Аллеяга отургучтар, таштанды салчу челектер орнотулуп, жашыл өсүмдүктөр отургузулду. Мындан сырткары, аймак өзгөчө таштар менен кооздолгон. Өсүмдүктөрдү сугаруу үчүн ирригациялык система дагы орнотулду", — деп айтылат маалыматта.

Аллеяны жакшыртуу иштери дагы деле уланууда. Бишкек мэрия жарандарды тазалыкты сактоого чакырат.