Apple компаниясы iPhone 8дин кандай кемчилиги бар экенин айтты

Гаджеттер күтүүсүз жерден өчүп-жанып, катып же күйбөй калышы ыктымал.
Sputnik

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Apple компаниясы iPhone 8 смартфонунда кемчиликтер бар экендигин, тагыраагы телефондун иштешин камсыздай турган негизги схема (motherboard. — ред.) бузук чыгып калгандыгын айтты.

Аталган компаниянын маалыматында, бул кемчиликтер гаджеттердин 2017-жылдын сентябрынан 2018-жылдын мартына чейинки убакта рыноккко чыккан мезгилинде байкалган. Алар негизинен Австралия, Кытай, Гонконг, Индия, Япония, Макао, Жаңы Зеландия жана АКШ мамлекеттерине сатылган.

"Гаджеттер күтүүсүз жерден өчүп-жанып, катып же күйбөй калышы ыктымал",— деп айтылат сайттын техникалык колдоо бөлүмүндө.

Компания смартфондорду акысыз оңдоп-түзөп берүүгө убада берген. Apple ошондой эле башка моделдерде, анын ичинде iPhone —8 Plus үлгүсүндө мындай кемчиликтер жок экендигин кошумчалаган.