Жылмайып кол булгалаган ажолор. ДКОнун ачылышындагы президенттердин эмоциясы

Оюндардын расмий ачылыш салтанатына Казакстандын, Түркиянын, Татарстандын президенттери менен эмираттын ханзадасы менен Венгриянын премьери катышты.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. КР президентинин маалымат кызматы Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндарынын ачылышынан тартылган сүрөт түрмөгүн жарыялады.

Ачылыш салтанатына Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган, Татарстандын президенти Рустам Минниханов, Венгриянын премьери Виктор Орбан жана Фуджейра эмиратынын ханзадасы Мухаммед бин Хамад бир Мухаммед Аль-Шарки катышты.

1 / 13
Ачылыш салтанатында. Сүрөттө Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган, Венгриянын премьери Виктор Орбан.
2 / 13
Мамлекет башчылары Чолпон-Атадагы ат майдандагы трибунада.
3 / 13
Театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлгөн сахна.
4 / 13
Сахнадагы оюн-зооко суктанган президенттер.
5 / 13
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков.
6 / 13
Кыргыз, казак президенттери оюнчулар менен учурашып жатат.
7 / 13
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган.
8 / 13
Казакстандын ажосу Нурсултан Назарбаев.
9 / 13
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Көчмөндөр оюндарынын ачылышында.
10 / 13
Сооронбай Жээнбеков кыргызстандык оюнчулар менен учурашып жатат.
11 / 13
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков.
12 / 13
Куттуктоо сөзүн сүйлөө үчүн сахнага келе жаткан Сооронбай Жээнбеков.
13 / 13
КР президенти Сооронбай Жээнбеков Көчмөндөр оюндарынын дүйнөлүк үчүнчү оюндарынын ачылышында бардык катышуучуларды куттуктады.

Көп күттүргөн Көчмөндөр оюндарынын ачылышынан ажайып 20 сүрөт
Бул иш-чаранын расмий ачылышы Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп, театрлаштырылган оюн-зооктор көрсөтүлүп, көчмөн элдин басып өткөн жолу баяндалды. Андан кийин спортчулар аянттан басып өтүштү. Миң кишинин бир учурда манас айтканы да көпчүлүктү таң калтырып, эсте кала турган көрүнүш болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков куттуктоо сөзүн айтып, кийинки Көчмөндөр оюндары Түркияда өтө турганын белгиледи.

Ачылыш аземдин толук видеосун бул жактан көрүңүз.