БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Россиялык Nail Sunny студиясынын тырмак жасаган адистери маникюрдун жаңы ыкмасын ойлоп табышканын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Сулуулук салонунун кызматкерлери жасалма узун тырмактарга курт-кумурскаларды салып, тешигин бекитип коюшкан.
Анын видеосу интернет айдыңына тараганда колдонуучулардын үрөйү учуп, дизайнерлерди курт-кумурскаларга карата ырайымсыз мамиле жасалып жатат деп айыпташкан.
Бирок салондо иштегендер кийин өздөрүн акташ үчүн курт-кумурскаларды тырмактын ичинен сыртка чыгарып жатышканын видеого тартып, интернетке жүктөшкөн.