БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 3-сентябрда Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын алкагында 27 иш-чара өткөрүү каралган.
ДКОнун ачылыш аземинен кийинки биринчи күндө төмөнкү иш-чаралар болмокчу:
— 09.00дөн 18.30га чейин — Чолпон-Ата шаарындагы атмайданда Көк-бөрү боюнча мелдештин ачылышы, тайпалардагы алдын ала оюндар;
— 10.00дөн 12.00гө чейин — "Көчмөндөрдүн алтын доору" театралдык ачылыш аземинин репетициясы ("Кырчын" этношаарчасы);
— 10.00дөн 17.00гө чейин — Армрестлинг боюнча мелдештин ачылышы, финалдык беттештер, сыйлоо аземи (Чолпон-Ата шаары, Ден соолукту чыңдоо борборунун сырткы сахнасы);
— 10.00дөн 18.00гө чейин — Пансионаттардын Ордосу ("Кырчын" этношаарчасы);
— 10.00дөн 22.00гө чейин — Ресторандар Ордосу ("Кырчын" этношаарчасы);
— 10.00дөн 17.00гө чейин — Көчмөн элинин турагын көрсөтүү ("Кырчын" этношаарчасы);
— 10.00дөн 17.00гө чейин — Эл аралык "Чабандес" (Джигитовка) сынагы ("Кырчын" этношаарчасы);
— 10.00дөн 17.00гө чейин — "Балдардын этно оюндары" ЮНИСЕФ менен биргелешкен долбоор ("Кырчын" этношаарчасы);
— 14.00дөн 18.00гө чейин — "Дүйнөлүк көчмөндөр ашканасы" эл аралык сынагы ("Кырчын" этношаарчасы);
— 14.00дөн 17.00гө чейин — Орто кылымдагы согуштук өнөрлөрдү көрсөтүү турнири ("Кырчын" этношаарчасы);
— 14:30да — Кыргыз Республикасынын президенти С.Ш.Жээнбеков баштаган бир катар өлкөлөрдүн президенттеринин жана расмий өкүлдөрүнүн келиши ("Кырчын" этношаарчасы);
— 14.30дан 15:00гө чейин — Расмий меймандардын Көчмөндөр айылы менен таанышуусу ("Кырчын" этношаарчасы);
— 15.00дөн 15:40ка чейин — Мангала боюнча мелдештин экинчи туру (Чолпон-Ата шаары, Ден соолукту чыңдоо борбору);
— 15.00дөн 16:15ке чейин — Кырчын капчыгайындагы этношаарчанын салтанаттуу ачылышы.
— 16.00дөн 18:00гө чейин — Аркан тартыш боюнча мелдештин катышуучуларын каттоо (Чолпон-Ата шаары, ат майданы);
— 16.00дөн 18:00гө чейин — 80 чакырым аралыкка жарыша турчу аттарды чыгаруу (ат майданы);
— 16.00дөн 18:00гө чейин — Масс-рестлинг мелдештерине катышуучуларды каттоо (Чолпон-Ата шаары, Ден соолукту чыңдоо борборунун сырткы сахнасы);
— 16.00дөн 17:00гө чейин — Пахлавани (иран күрөшү), гореш (туркмөн күрөшү), казак курес (казак күрөшү) боюнча спортчуларды каттоо (Чолпон-Ата шаары, Ден соолукту чыңдоо борбору);
— 16.30дан 17:30га чейин — Улуттук каада-салт жана үрп-адаттарды көрсөтүү ("Кырчын" этношаарчасы);
— 17.00дөн 17:40ка чейин — Овари мелдешинин экинчи туру (Чолпон-Ата шаары, Ден соолукту чыңдоо борбору);
— 17.00дөн 17:30га чейин — Салбуурун оюндары ("Кырчын" этношаарчасы);
— 17.30дан 18:30га чейин — Дүйнө элдеринин эпостору фестивалынын катышуучуларынын программасы "Манасчы", "Кайчы", "Олонхо" ("Кырчын" этношаарчасы);
— 18.30дан 20:00гө чейин — Эркектер жана аялдар арасындагы "Сармерден" айтышы ("Кырчын" этношаарчасы);
— 20.00дөн 23:00гө чейин — Эл аралык кинофорумдун "Мөңгү" этно-экологиялык кинофестивалдын ачылышы;