Кыргыз көк бөрүчүлөрү монгол командасынын чаңын асманга сапырды

Кыргызстандын командасы жеңишке жетип, турнирдик таблицадан үч упай топтоду.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кыргызстандын көк бөрү боюнча улуттук курама командасы Монголиянын улакчыларын баш көтөртпөй, 29:5 эсебинде жеңип алды.

Учурда Ысык-Көлдө Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары өтүп жатат.

Кыргызстандын командасы жеңишке жетип, турнирдик таблицадан үч упай топтоду.