Төө минген хан, кылычын кезеген жоокер. Кырчынды чаңыткан 1200 өнөрпоз сүрөттө

Sputnik

Салтанаттуу аземди көрүүгө президент Сооронбай Жээнбеков жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан баштаган миңдеген жергиликтүү жана чет элдик коноктор келишти. 

Иш-чаранын башкы режиссеру жана көркөм жетекчиси Алтынбек Максүтовдун айтымында, машстабдуу оюн-зоокту коюуга республиканын бардык театрларынан чогулган 1200 өнөрпоз жана 200гө жакын каскадер катышкан. 

Жылмайып кол булгалаган ажолор. ДКОнун ачылышындагы президенттердин эмоциясы
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары 8-сентябрга чейин уланат. Спорттук мелдештер Чолпон-Атадагы ипподромдо, Ден соолуктуу чыңдоо борборунда, Евразия пансионатында жана “Кырчын” жайлоосунда өтөт. Ал эми маданий иш-чаралар Бостери айылындагы “Nomad” амфитеатрында жана Кырчында болмокчу. Кайсы күнү кандай иш-чара өтөрүн бул жактан биле аласыздар.  

Белгилей кетсек, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын Кыргызстан ушуну менен үчүнчү ирет өткөрүп жатат. Кийинки оюндардын эстафетасы Түркия мамлекетине тапшырылды.  

1 / 15
Кырчын этно шаарчасына 1000ден ашуун боз үй тигилип жети облус, эки шаар жана коомдук уюмдар биригип 16 ордо курушкан.
2 / 15
Этно шаарчанын ачылыш аземинде “Көчмөндөрдүн алтын доору” аттуу театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлүп, кыргыздардын тарыхы жана улуттук салт-санаасы чагылдырылды.
3 / 15
Салтанаттуу аземге президент Сооронбай Жээнбеков жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан катышты.
4 / 15
Иш-чаранын башкы режиссеру жана көркөм жетекчиси Алтынбек Максүтов Көчмөндөр оюндарына даярдыктар декабрь айынан тарта башталганын билдирди.
5 / 15
Масштабдуу оюн-зоокту коюуга республиканын бардык театрларынан чогулган 1200 өнөрпоз катышты.
6 / 15
Кырчындагы маданий иш-чаралар күн сайын уланат. Ар бир ордо өзүнүн программаларын даярдап келген.
7 / 15
Башка өлкөдөн келген чыгармачыл топтор да өнөрлөрүн тартуулашмакчы.
8 / 15
Ат жалында чимириле ойноп, чаң ызгыта чапкан кыргыз кыздары көпчүлүктүн таң калтырды.
9 / 15
Келген эл оюн-зооктон бир гана ат эмес, төө, топоз мингендерди, араба тарткандарды көрө алды.
10 / 15
Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктардын атынан бул иш-чаралардын уюштуруучуларына жогорку жоопкерчилиги үчүн ыраазычылык билдирип, алардын эмгеги бааланарын белгиледи.
11 / 15
Көчмөндөр оюндарын 500дөн ашык өлкөдөн келген жалпыга маалымдоо каражаттары чагылдырууда.
12 / 15
200гө чукул каскадер ат үстүндө шамалдай ойноп, бирде жерге куласа, бирде душмандар менен салгылашып чыныгы көчмөндөрдүн доорун көрсөтүп беришти.
13 / 15
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндарын өткөрүү эстафетасын Түркия мамлекети алды.
14 / 15
Жээнбеков Венгриянын премьер-министрин да сахнага чакырып Көчмөндөр оюндарына үй-бүлөсү менен келип катышып жатканына ыраазычылыгын билдирди. Андан соң алар 1000 боз үй тигилген этно шаарча менен таанышышты
15 / 15
Көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин уланат. Бул күндөрү млдештерди жана Кырчындагы оюн-зоокторду акысыз көрүүгө болот. Бир гана жабылыш аземине билеттер сатылат.