Көп күттүргөн Көчмөндөр оюндарынын ачылышынан ажайып 20 сүрөт

Sputnik

2-сентябрда Чолпон-Ата шаарында Көчмөндөр оюндарынын ачылышы болуп өттү. Ачылыш аземинде көчмөн элинин тарыхы чагылдырылып, улам доор алмашып отуруп азыркы ааламдашуу заманына чейинки учурду көрсөтүп беришти. Андан соң спортчулардын делегациясы салтанаттуу жүрүшкө чыгышты. Соңунда президент Сооронбай Жээнбеков куттуктоо сөзүн айтып, расмий түрдө ачык деп жарыялады да Кыргызстандын гимни жаңырып, асманга салюттар атылды. 

Ат жалындагы селки, Карахан менен кагышуу. Көчмөн элди сыймыктандырган видео
Спорттук мелдештерге катышуу үчүн 66 мамлекеттен (Россиянын 11 субъектиси) 1566 спортчу электрондук каттоодон өткөн. Алар спорттун 37 түрү боюнча күч сынашат. Мелдешке 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген. Оюнчулардын саны боюнча Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттери сап башында турат. 

Мелдеште жалпы жонунан 594 медаль ойнотулат. Анын ичинен алтын — 174, күмүш — 173, коло — 247. Байге фонду 28 миллион сомду түздү. 

Спорттук мелдештер Чолпон-Атадагы ипподромдо, Ден соолуктуу чыңдоо борборунда, Евразия пансионатында жана “Кырчын” жайлоосунда өтөт. Ал эми маданий иш-чаралар Бостери айылындагы “Nomad” амфитеатрында жана Кырчын этно-шаарчасында болмокчу. Кайсы күнү кандай иш-чара өтөт бул жактан биле аласыздар

Белгилей кетсек, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын Кыргызстан ушуну менен үчүнчү ирет өткөрүп жатат. Кийинки 2020-жылы өтө турган оюндардын эстафетасы Түркия мамлекетине тапшырылды.

1 / 20
Көчмөндөр оюдарынын ачылыш аземи “Дүйнөнүн пайда болушу” деп аталган театрлаштырылган көрсөтүү менен башталды
2 / 20
Театрлаштырылган көрсөтүү үч этапка бөлүнүп жашоонун жана адамзаттын пайда болушу, көчмөн цивилизациясынын жаралуу тарыхы чагылдырылды
3 / 20
Кыргыз жерине кут конуп, Манас төрөлүп эл кубанычка баткан учур
4 / 20
Коноктор көчмөндөрдүн оюн-зоокторунан тарта, айыгышкан душмандарына чейин көрө алышты
5 / 20
Карахандын аскери Манас жана анын 40 чоросу менен болгон согушта
6 / 20
Ат жалында шамалдай ойногон улан-кыздардын өнөрү элди таң калтырып, көңүлун көтөрдү. Каскадерлор 100гө чукул ат минип чыгып оюн көргөзүштү
7 / 20
Сахнада умай эне. Көчмөндөр оюндарынын ачылышына жүздөгөн бийчилер катышты
8 / 20
Дагы бир жүрөк толкуткан учур 1000 киши бир учурда манас айтканы болду
9 / 20
Салтанаттуу аземдин башкы режиссеру Алтынбек Максүтов, коючу режиссеру Виктор Фельд.
10 / 20
Көпчүлүк күткөн Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи саат 20.00дө башталып эки саатка созулду
11 / 20
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын Кыргызстан ушуну менен үчүнчү ирет өткөрүп жатат. Кийинки 2020-жылы өтө турган оюндардын эстафетасы Түркия мамлекетине тапшырылды.
12 / 20
Спорттук мелдештер жана маданий иш-чаралар 8-сентябрга чейин уланат.
13 / 20
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун да кубанычы койнуна батпай жатканы билинип турду. Мында сөз сүйлөө үчүн трибунага чыгып баратып эл менен саламдашып жатат.
14 / 20
Президент Сооронбай Жээнбеков куттуктоо сөзүн айтып, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын расмий түрдө ачык деп жарыялады.
15 / 20
Кээ бир өлкөлөр өзүнүн улуттук кийимдерин кийип келишкен.
16 / 20
Кыргызстандын спорттук делегациясынын туусун белгилүү улакчы Манас Ниязов көтөрүп чыкты
17 / 20
Мелдешке 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген
18 / 20
Аягында Кыргызстандын гимни жаңырып, асманга салют атылды.
19 / 20
Спорттук мелдештер Чолпон-Атадагы ипподромдо, Ден соолуктуу чыңдоо борборунда, Евразия пансионатында жана “Кырчын” жайлоосунда өтөт.
20 / 20
Маданий иш-чаралар Бостери айылындагы Nomad амфитеатрында жана Кырчын этно-шаарчасында болмокчу.