Буга чейин 27 жаштагы Өзбекстандын тургунуна Түркияга кирүүгө тыюу салынган. Мындан улам ал чемодандын ичине бекинип алып өтүүгө аракет жасаган. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.
Окуя Грузия менен Түркиянын чек арасындагы "Сарпи" көзөмөл өткөрүү бекетинде болгон. Анда түркиялык чек арачылар чоң багаж менен жүргөн 24 жаштагы грузин улутундагы адамдан шек санап, чемоданын ачтырганда ичинен кыз чыккан.