БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Түркиянын биринчи айымдары — Айгүл Токоева менен Эмине Эрдоган Кырчын жайлоосунда тигилген "Бишкек ордо" этно-шаарчасына баш бакты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Келген конокторго "Баланы бешикке салуу" салты көрсөтүлгөн.
Андан тышкары, этно-шаарчанын ичинде күнү бою "аркан тартыш ", "шакек салмай", "ак терек, көк терек" жана башка оюндар ойнотулду.
"Бишкек ордо" этно-шаарчасынын расмий ачылышы 4-сентябрда болот.