БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Facebook компаниясына таандык WhatsApp мессенджери өзүнүн колдонуучуларынын жеке маалыматтарын коргоо боюнча системага өзгөртүү киргизет. Бул тууралуу Engadget сайты жазып чыкты.
WhatsApp тиркемесин Android платформасынын негизинде колдонгондор 12-ноябрдан тарта өзүнүн жеке каттарын Google Drive хостингине чектөөсүз сактай алат. Бирок жаман жери медиафайлдар менен кат алмашуулар шифр менен корголбой калат.
Мессенджердин жаратуучулары мындай кадамга АКШ бийлигинин талаптарынын негизинде барууга мажбур болгонун айтышууда.
Эки жума мурун Facebook компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг эми каттардын купуялуулугун коргоочу код колдонулбай тургандыгын билдирген.