АКШнын СССР менен Кытайды жок кылуу планы ачыкка чыкты

План боюнча СССРдин өндүрүш тармагынын потенциялынын 70 пайызын жок кылуу каралган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Америка кошмо штаттары 1960-жылдары СССР менен Кытайды индустриалдык алдыңкы держава болуп баратканын эске алып, аны жок кылуу боюнча кеңири план даярдаган. Ошол эле учурда Американын аскерлери бул мамлекеттин жарандарын тобу менен жок кылуу мүмкүнчүлүгүн караган. Бул тууралуу "Улуттук коопсуздуктун архиви" коммерциялык эмес уюмдун сайтындагы маалыматта айтылат.

Согуш 9-майда бүткөн эмес. Текселде аккан кан, өзүнө мүрзө казган жоокерлер
Уюмдун изилдөөчүлөрү өзөктүк куралды колдонуу боюнча 1964-жылкы бирдиктүү интеграцияланган ыкчам планга (SIOP) көңүл бурушкан. Анда СССРдин 70 пайыз өндүрүштүк мүмкүнчүлүгүн жок кылуу керектиги белгиленген.

Ошол эле учурда расмий Вашингтон бул мамлекеттин элин массалык түрдө кыруу мүмкүндүгүн карашкан. 1961-жылкы баалоо боюнча бирдиктүү план боюнча СССРдин шаарларындагы калктын 71 пайызын жок кылуу болжолдонгон, 1962-жылкы баалоо боюнча бул көлөм 70 миллион кишини түзгөн.

SIOP — бул ыкчам маалыматтардын өзгөчө купуядагы комплекси. Анда АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн өзөктүк куралдарды колдонуу регламенти ийне-жибине чейин көрсөтүлүп жазылат.