Жээнбеков: Ала-Тоого, Манастын жерине, меймандос кыргыз элине кош келиңиздер!

2-сентябрда башталган көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин уланат.
Sputnik

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Чолпон-Ата шаарында көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндарын ачып, катышуучуларга ийгилик каалап, меймандарга ыраазычылык билдирди.

Президент өз сөзүндө касиеттүү Кыргызстанда, кереметүү Ысык-Көлдун боюнда кучак жайып, тосуп алганга чексиз кубанычта экенин айтты.

"Чокусу асман тиреген, улуу тоолордун мекени — Ала-Тоого, айкөл атабыз Манастын жерине, кең пейил, меймандос кыргыз элине кош келиңиздер", — деди ал.

Президент ошондой эле бүгүн дүйнөдөгү саясий, экономикалык, экологиялык жана маданий процесстердин темпи тездегенин, аны менен кошо технология да өзгөрүп жатканын белгиледи.

Көчмөндөр оюнундагы мелдештердин расписаниеси. Календарь жана карта
"Бул көрүнүштөр адамзаттын алдында жетишкендиктер менен катар жаңы көйгөйлөрдү жаратты. Ушундай шартта көчмөн элдин дөөлөтүн, мурасын, каада-салтын жандандыруу – зор мааниге ээ. Ал дүйнө элинин ынтымагын бекемдеп, гуманизмдин идеалдарын жайылтууга, табиятка, адам коомуна болгон мамилени өзгөртүүгө негиз боло алат. Көчмөндөр цивилизациясы – дээрлик миңдеген жылдык тарыхты камтыйт. Тынч океандан тартып Европага чейинки аймакты, Борбордук жана Чыгыш Азияны, Кичи Азияны жана Жакынкы Чыгышты бириктирген улуу мурас. Мындай мейкиндикти көчмөндөр гана өздөштүрө алган", — деди өлкө башчысы.

Жээнбеков ошондой эле кийинки Көчмөндөр оюндары Түркияга өткөрүп берилгенин маалымдап, алар аны ийгиликтүү өткөрөрүнө тилектеш экенин билдирди.

КР президенти андан сырткары оюндарда күчтүүлөр жеңишке жетерин айтты.

"Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы спорттук таймаштарда кара кылды как жарган калыстык болуп, эң күчтүүлөр, эң шамдагайлар, татыктуулар жеӊсин! Меймандарыбыз кыргыз элинин меймандостугун сезип, жерибиздин кооздугун көрүп, жагымдуу эс алып кетишсин! Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун ачык деп жарыялайм!", — деди президент.

Өлкө башчысы өз сөзүндө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү чечими 2012-жылы түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеӊешинде кабыл алынганын, быйылкы оюндар дагы ошол мамлекеттердин саммитинин алкагында ачылып жатканын баса белгиледи.

2-сентябрда башталган көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин уланат.