Ошто кичи автобус жүргүнчүлөрү менен кошо көпүрөдөн кулап кетти. Видео

Жол кырсыктан жабыркаган төрт киши ооруканага кайрылган.
Sputnik

Ош шаарындагы Навои көчөсүндө эстакадалык көпүрөдөн жүргүнчү ташыган кичи автобус кулап кетти. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдирди. 

Микроавтобус упал с моста в Оше

Ал эми Ош шаардык Жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү маалыматты тастыктады. 

Микроавтобус упал с моста в Оше

Кичи автобус жол четиндеги Honda Jazz үлгүсүндөгү автоунааны сүзүп, андан соң көпүрөдөн кулап кеткен. Анын кесепетинен төрт киши ооруканага кайрылган.

Учурда жол кырсыгы боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.