Ысык-Көлгө Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан келди

Виктор Орбан президент Сооронбай Жээнбеков жана кесиптеши Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугат.
Sputnik

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

1 / 2
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга келди
2 / 2
В Кыргызстан прибыл Премьер-министр Венгерской Народной Республики Виктор Орбан

Көчмөндөр оюндарындагы медаль кандай болорун көрсөтүштү. Сүрөт
Билдирүүгө ылайык, аны "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тосуп алды.

Иш-сапардын алкагында Венгриянын өкмөт башчысы президент Сооронбай Жээнбеков жана кесиптеши Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугат.

Андан сырткары, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын ачылышына катышат.