Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. 3-сентябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен маалымдашты.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

Чүй, Талас облустарында түндө 2…12 градус жылуу болсо, күндүз 19…24 градуска чейин көтөрүлөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түндө 9…14 градус жылуу, күндүз күндүн табы 24…29 градуска чейин жетет. Нарын менен Ысык-Көлдө түндө 1…9, күндүз 15…21 градуска чейин жылуу болот.

Ошто түнкүсүн 11…13, күндүз 25…27 градус жылуу болушу ыктымал. Ал эми Борбор калаа Бишкекте түнкүсүн 8…10, күндүз 22…24 градус жылуу болот.