БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кыргызстанда мыйзамсыз менчиктештирилип, же сатылып кеткен 73 бала бакчаны артка кайтаруу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул туурасында Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 1-сентябрь күнү Бишкек шаарындагы №25 орто мектепке барганда айткандыгын премьердин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Учурда 73 бала бакчаны артка кайтаруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө…. Бала бакчаларда электрондук кезек күтүү тутуму ишке киргизилүүдө, ушундай эле тутум мектептерде да болот. Ошондой эле өкмөт тарабынан билим берүү тармагынын кызматкерлерин ипотека боюнча пайыздык үстөктү төмөндөтүү жолу аркылуу жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо маселеси чечилүүдө", — деген ал.
Абылгазиев балдардын коопсуздугун камсыздоо өкмөттүн маанилүү милдети экендигин айткан.
2018-жылдын 1-сентябрына карата республика боюнча 27 жаңы мектеп пайдаланууга берилип, жыл аягына чейин дагы 52 жаңы мектеп окуучуларды кабыл алынгандыгын президент Сооронбай Жээнбеков айткан.