Көчмөндөр оюндарындагы медаль кандай болорун көрсөтүштү. Сүрөт

Мелдешке катышуу үчүн 82 өлкөдөн 2500 спортчу электрондук каттоодон өткөн.
Sputnik

ЧОЛПОН-АТА, 2-сен.— Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынынын медалынын сүрөтүн көргөздү.

Маалыматка ылайык, мелдеште 594 медаль ойнотулат. Анын ичинен алтын — 174, күмүш — 173, коло — 247.

1 / 2
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынынын медалынын сүрөтүн көргөздү.
2 / 2
Маалыматка ылайык, мелдеште 594 медаль ойнотулат.

Мелдештин жалпы байге фонду 28 миллион сом. Ага катышуу үчүн 82 өлкөдөн 2500 спортчу электрондук табыштама жиберген. Соңку маалымат боюнча 66 өлкө жана Россиянын 11 субьектиси келип каттоодон өттү

Ал эми спортчулардын саны боюнча Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россия мамлекеттери сап башында турары айтылат.

Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи бүгүн саат 20.00дө башталат.