Көчмөндөр оюндарынын ачылышында миң киши "Манас" айтат

Мелдешке 82 өлкөнүн делегациясы катышат.
Sputnik

ЧОЛПОН-АТА, 2-сен. — Sputnik. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын ачылышы миң кишинин "Манас айтуусу менен башталат. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

ДКОнун салтанаттуу ачылыш аземи бүгүн саат 20.00дө Чолпон-Атадагы ат майданда башталат.

"2016-жылдагы Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде 1000 комузчу комуз чертсе, мында 1000 киши "Манас" айтат. Мындан сырткары, конокторго да "Манастын" текстин жазып, баракчаларды таратабыз", — деди Темирбекова.

Мелдешке 82 өлкөдөн келген 2500 спортчу катышмакчы. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары 2-8-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаары жана Кырчын жайлоосунда өтөт.