Ошто көпүрөдөн кулаган бусик: айдоочу телефонун алам деп эңкейгенде кырсыктаган

Кырсыкка кабылган унаанын айдоочусу жабыркаган эмес.
Sputnik

ОШ, 2-сен. — Sputnik. Ош шаарында көпүрөдөн кулаган унаада бараткан 47 жаштагы жүргүнчү аялдын абалы оор. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, аял кырсыктан соң Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Анын колу буту сынып, жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат.

Эске салсак, 2-сентябрда саат 12:30дар чамасында калаадагы Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөдөн жүргүнчү ташуучу кичи автобус кулап түшкөн.

"Кырсыктаган унаанын айдоочусу уюлдук телефонун колунан түшүрүп жиберип аны алууга аракет жасаган. Ошол учурда рулду башкара албай көпүрөдөн ылдый кулап кеткен. Медициналык экспертиза айдоочунун мас эмес экендигин көрсөттү. Учурда башка кошумча экспертизалар дайындалды", — деди Сыдыков.

Ал ошондой эле унаада алты жүргүнчү болгонун кошумчалап, айдоочу жабыркабаганын белгиледи.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.