Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Чолпон-Атага келди

Казак президенти КР башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп, Көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышат.
Sputnik

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин алтынчы саммитине катышуу үчүн Чолпон-Ата шаарына келди. Бул тууралуу казак президентинин маалымат кызматы билдирди.

1 / 2
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин алтынчы саммитине катышуу үчүн Чолпон-Ата шаарына келди.
2 / 2
Өз сапарынын алкагында Назарбаев КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндарынын ачылыш салтанатына катышат.

Өз сапарынын алкагында Назарбаев КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндарынын ачылыш салтанатына катышат.

Белгилей кетсек, Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи бүгүн кечинде болот. Ал эми оюндар 8-сентябрга чейин уланат.