Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын Чолпон-Атада өтчү иш-чарасында кийилчү улуттук кийимдер заманбап, мүмкүн болушунча кооздолуп даярдалса, ал эми Кырчын жайлоосундагы иш-чарада кийилчү кийимдер жөнөкөйлүккө, нукуралуулукка багытталып тигилди. Бул тууралуу Айдай Асангулова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ДКОнун Кырчын жайлоосунда өтө турган маданий иш-чарасына катыша тургандар да илгерки кийимдерди кийип келиши керек.
"Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары Чолпон-Атада жана Кырчын жайлоосунда өткөндүктөн, эки жерге эки багытты тандап алып, анда кийиле турган кийимдерди даярдап чыктык. Мисалы Чолпон-Ата жергесинде өтчү маданий иш-чарада кийилчү кийимдер заманбап, мүмкүн болушунча ар кандай кооз таштар менен даярдалды. Ал эми Кырчын жайлоосундагы маданий иш-чарада кийилчү улуттук кийимдерди даярдоодо жөнөкөйлүккө басым жасадык. Илгери ата-бабаларыбыз карапайым эл болгондуктан кооздоп кийинүүгө шарттары болгон эмес да. Байыркы кыргыз эли кандай кийинсе Кырчын жайлоосунда өтчү маданий иш-чаранын катышуучулары да ошондой стилде кийинет. Мындан сырткары, көрүүчулөрдү да илгерки кийимдерди кийип келүүгө чакырат элем", — деди дизайнер.
Асангулова дүйнөнү европалыктардын эмес, кыргыздын улуттук кийими менен таң калтырса болорун кошумчалады.