Эрдоган менен Жээнбеков Бишкектеги жаңы мечиттин ачылышына келди. Видео

Аталган мечиттин курулушу 2012-жылы башталган.
Sputnik

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бишкекте жаңы салынган имам Аль-Сарахсий атындагы республикалык мечит ачылды. Анын ачылыш салтанатына КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган катышты.

Учурда түрк президенти расмий сапары менен Кыргызстанда жүрөт.

Аталган мечиттин курулушу 2012-жылы башталып, Түркиянын "Дианет" фондусу 25 миллион доллар бөлгөн. Мечит Осмон империясынын архитектурасы боюнча салынып, төрт мунаралуу келип, ар биринин узундугу 70 метрди түзөт.

Жаңы мечиттин үстү жабылган жерде 8 миңге чейин киши жаанда, карда калбай бир убакытта намаз окуй алат. Ал эми жаан-жачын болбосо 20 миңге дейре киши батат.