БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Өлкө аймагында 3-4-5-сентябрда түнкүсүн жамгыр жаабайт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
6-7-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана Кыргыз тоо кыркаларында жамгыр жаап, калган аймактар ачык болот.
Ал эми 8-9-сентябрда абанын температурасы бир аз төмөндөйт.
Кыргызгидрометтин бир жумага берген божомолу:
4-сентябрда Чүйдө түндө 8…13 градус жылуу болсо, күндүз 22…27 градуска чейин жогорулайт. Таласта түндө 2…7 градус жылуу, күндүз 21…26 градуска дейре жылыйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түндө 10…15 градус жылуу болуп, күндүз 26…31 градуска чейин ысыйт. Ысык-Көл, Нарын облусунда түндө 1…9 градус жылуу болуп, күндүз 19…25 градус болот.
5-сентябрда түндө 8…13 градус жылуу болсо, күндүз 23…28 градуска чейин көтөрүлөт. Таласта түндө 3…8 градус жылуу болуп, күндүз 22…27 градуска чейин жетет. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түндө 11…16 градус жылуу болуп, күндүз 26…31 градуска чейин ысыйт. Ысык-Көлдө түндө 5…10 градус, күндүз 20…25 градус жылуу болот, Нарында түндө 1…6 градус жылуу болуп, күндүз 21…26 градуска чейин жогорулайт.
6-7-сентябрда аба ырайы өзгөрбөйт, Чүйдө күндүз 30 градуска чейин жылуу болсо, Таласта 25 градус болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 31 градуска чейин ысыйт. Ысык-Көл менен Нарында 24 градус жылуу болот.
Ал эми Бишкек шаарында жума аягына чейин түндө аба ырайынын деңгээли 8…10 градустун айланасында кармалып, күндүз 27 градуска чейин көтөрүлөт. Ош шаарында болсо түндө 11…14 градустун айланасында болуп, күндүз 30 градуска чейин ысыйт.