Радио

Ибраев: алгачкы жардам көрсөтүү эрежелерин сегиз саатта өздөштүрүүгө болот

Кыргызстандын Улуттук кызыл ай коомунун алгачкы жардам көрсөтүү боюнча машыктыруучусу Атай Ибраев адам кырсыкка кабылган учурда ага көрсөтүлгөн биринчи жардам өмүрүн сактап калышы ыктымалдыгын айтты.
Sputnik
Ибраев: алгачкы жардам көрсөтүү эрежелерин сегиз саатта өздөштүрүүгө болот

Алгачкы жардам көрсөтүү эрежелерин сегиз саатта үйрөнсө болот. Бул тууралуу Атай Ибраев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Улуттук кызыл ай коому тарабынан алгачкы жардам тууралуу окутуу программасынын кыскартылган варианты даярдалган.

"Алгачкы жардам көрсөтүү боюнча интернетте жарыяланган маалыматтардын көпчүлүгү туура эмес. Ошондуктан биз даярдаган сабактарды сунуштайбыз. Аны үйрөнүү үчүн болгону сегиз саат талап кылынат. Бул эң оптималдуу программа", — деди машыктыруучу.

Ибраев ар кандай иш-чаралар учурунда да кызыккандар үчүн мастер-класстар өтүлүп турарын кошумчалады.