Төрөкул Айтматов көчөсү темир жолго чейин асфальтталды. Сүрөт

Аталган тилкедеги бардык иштерди 2020-жылы бүтүрүү пландалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бишкектеги оңдолуп жаткан Төрөкул Айтматов көчөсү быйыл Лев Толстой көчөсүнө чейин бүткөрүлбөйт. Бул тууралуу мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев билдирди.

1 / 2
Бишкектеги оңдолуп жаткан Төрөкул Айтматов көчөсү быйыл Лев Толстой көчөсүнө чейин бүткөрүлбөйт.
2 / 2
Эшенбаевдин айтымында, Айтматов менен Сүйүнбаев көчөлөрү темир жолдун алды менен өткөрүлүп Лев Толстой көчөсүнө чейин узартылат.

Бишкектин кайсы көчөлөрү дагы деле жабык? Карта
Курулуш иштери жүрүп жаткан жердеги сүрөттөрдү күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp-каналына жиберген.

Эшенбаевдин айтымында, Айтматов менен Сүйүнбаев көчөлөрү темир жолдун алды менен өткөрүлүп Лев Толстой көчөсүнө чейин узартылат.

Айтматов көчөсү Аламүдүн дарыясынын чыгыш жээги менен Жибек Жолу проспектисинен темир жолго чейин жетти. Азыр аны реконструкциялоо иштери соңуна чыкты.

Аталган тилкедеги бардык иштерди 2020-жылы бүтүрүү пландалууда.