Эл аралык "Манас" аэропортунда өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков жубайы экөө Түркия президенти Ражип Тайип Эрдоган менен биринчи айымды тосуп алышты. Учактан түшкөн жубайларга гүл берилип, боорсок сунулду.
Флагштоктон эки өлкөнүн желеги көтөрүлүп, ардактуу кароол тизилип, гимндер жаңырды. Аземге расмий делегациянын өкүлдөрү катышты.