Жээнбеков: биздин милдет — бийик адамдык касиетке ээ болгон балдарды тарбиялоо

Бүгүн республика боюнча 27 жаңы мектеп пайдаланууга берилип, жыл аягына чейин дагы 52 жаңы мектеп окуучуларды кабыл алмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков 1-сентябрда Бишкек шаарынын "Ак-Ордо" конушундагы №96 мектептин имараты пайдаланууга берилген салтанатка катышып, 300 миң сомдук сертификат тапшырды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат катчысы билдирди.

1 / 7
Президент Сооронбай Жээнбеков 1-сентябрда Бишкек шаарынын "Ак-Ордо" конушундагы №96 мектептин имараты пайдаланууга берилген салтанатка катышып, 300 миң сомдук сертификат тапшырды
2 / 7
Президент бүгүн республика боюнча 27 жаңы мектеп пайдаланууга берилип, жыл аягына чейин дагы 52 жаңы мектеп окуучуларды кабыл аларын айтты
3 / 7
Ал жаңы мектеп акжолтой болуп, көптөгөн жылдар бою миңдеген жаш муунга тарбия, билим берген куттуу жайга айлануусун каалады
4 / 7
Мугалимдерге кайрылып, алар окуучуларга сапаттуу билим берүү үчүн билимин тереңдетип, замандан артта калбай өсүшү керектигин, алар канчалык көп билсе, окуучулар да ошончолук билимдүү, тың болорун айтты
5 / 7
Ата-энелерди балдардын келечеги үчүн мектептин чыныгы күйөрмандары, колдоочулары болуп, мугалимдер жамааты менен бир үй-бүлөдөй болууга чакырды
6 / 7
Президент окуучуларга кайрылып, келечек туурасында, коом туурасында сөз кылды
7 / 7
"Ак-Ордо" конушундагы №96 мектеп азыркы стандарт боюнча 960 окуучуга ылайыкталган.

Президент бүгүн республика боюнча 27 жаңы мектеп пайдаланууга берилип, жыл аягына чейин дагы 52 жаңы мектеп окуучуларды кабыл аларын айтты.

Сооронбай Жээнбеков эгемендүүлүктүн баасы кандай экенин айтты. Видео
Ал жаңы мектеп акжолтой болуп, көптөгөн жылдар бою миңдеген жаш муунга тарбия, билим берген куттуу жайга айлануусун каалады.

Мугалимдерге кайрылып, алар окуучуларга сапаттуу билим берүү үчүн билимин тереңдетип, замандан артта калбай өсүшү керектигин, алар канчалык көп билсе, окуучулар да ошончолук билимдүү, тың болорун айтты.

Ата-энелерди балдардын келечеги үчүн мектептин чыныгы күйөрмандары, колдоочулары болуп, мугалимдер жамааты менен бир үй-бүлөдөй болууга чакырды.

"Биздин негизги милдетибиз — сапаттуу билим, келечектүү жаштар жана бийик адамдык касиетке ээ болгон, эркин жана өз оюн так жана ачык айта алган жаңы муунду даярдоо. Ар бир баланын таланты, шыгы жана өнөрү жакшы тарбия жана мыкты билим бергенде гана ачылат. Ошондуктан педагог-тарбиячылар, ата-энелер биргелешип, жаңы муунду тарбиялоо жоопкерчилигин татыктуу жүзөгө ашырууга тийиш", — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Президент окуучуларга кайрылып, келечек туурасында, коом туурасында сөз кылды.

"Силер өлкөбүздүн келечегисиңер. Канчалык билимдүү, маданияттуу, акылдуу, адептүү жана мекенчил болсоңор коомубуз да ошончолук тазарып, өлкөбүз өнүгө баштайт", — деди.

"Ак-Ордо" конушундагы №96 мектеп азыркы стандарт боюнча 960 окуучуга ылайыкталган. Объект колдонууга 2018-жылдын августунда берилди. Мектеп толугу менен тиешелүү эмеректер жана жабдыктар менен жабдылган.