Ысык-Көл аэропортуна үч боз үй тигилди

Меймандардын алды Кыргызстанга келип түшө баштады.
Sputnik

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. "Ысык-Көл" аэропортуна Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген конокторду тосуу үчүн үч боз үй тигилди. Бул туурасында эл аралык "Манас" аба майданынын маалымат кызматынан кабарлашты.

1 / 2
"Ысык-Көл" аэропортуна Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген конокторду тосуу үчүн үч боз үй тигилди
2 / 2
Аталган иш-чаранын коноктору менен катышуучулары бир нече күндөн бери эле келип жатат.

Аталган иш-чаранын коноктору менен катышуучулары бир нече күндөн бери эле келип жатат.

Көчмөндөр оюнундагы мелдештердин расписаниеси. Календарь жана карта
Көчмөндөр оюндарына келүүчүлөрдүн көбү "Манас" аэропортуна келип түшөт да, андан соң Көлдү көздөй сапар алат. Аба майданга келип түшкөндөрдү байыркы кыргыз кийимчен кыздар тосуп алат.

"Ысык-Көл" аэропортуна эң маанилүү деген меймандар келип түшөт.

Көчмөн кыргыздардын образын берүү үчүн аэропорттун аймагына VIP конокторго үч боз үй тигилди.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары Чолпон-Ата шаарында 2-сентябрда башталып, 8-сентябрда аяктайт.