Тайбоксчу Бекжан Матысаев TNA эрежеси боюнча дүйнө кубогуна катышат

Спортчу рингде 70 килограмм салмак категориясында күчүн сынамакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кыргызстандык тайбоксчу Бекжан Матысаев TNA эрежеси боюнча дүйнө кубогунун финалында күч сынашат. Бул туурасында КРдин Тайбокс федерациясынын президенти Елена Шевченко Instagram баракчасына жарыялады. 

 

 

Мелдеш 6-сентябрда Россиянын Казань шаарында өтөт. Анда Матысаев 70 килограмм салмакта белоруссиялык спортчу менен рингге чыгат.

Турнир TNA уюмунун эрежеси менен өтөт, башкача айтканда мушкерлер каратэ, кикбокс, муай-тайдын ыкмасын колдоно алат, күрөшкөнгө тыюу салынган.

Матысаев жакында эле студенттер арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш байге уткан