БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Белгилүү теле алып баруучу жана "Азия сулуусу-2016" сынагынын катышуучусу Айжамал Осмонованын автоунаасын Адистештирилген күзөт кызматы башкармалыгынын Октябрь райондук бөлүмүнүн кызматкерлеринин кызматтык автокөлүгү сүзгөн. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Осмонова өзү билдирди.
Окуя 2018-жылдын 31-августунда болжол менен саат 19.00дөрдө болгон. Маалыматта кырсыкка милициянын автоунаасы себепкер болгондугу айтылган. ЖКККБнын маалымат кызматы кырсык болгон учурда милиция унаасы атайын белги менен кетип бара жаткандыгын билдирди.
"Мен Юнусалиев көчөсү менен чыгып, Медеров көчөсүнүн кесилишинде өз жолум менен, жашыл күйүп турганда өтүп бара жаткам. Милициянын автоунаасынын сигналын жана атайы белгисин көргөн жокмун. Автоунаалар кагышып кеткенде милиционерлер кечирим сураган, ал эми "Шаардык ГАИден" келгенден соң башкача сүйлөп, мени күнөөлүү деп айта башташты", — деди Осмонова.
Дарыгерлер кыздын мээси чайкалып, кыр аркасы жабыркагандыгын айткан. Учурда ооруканада жатат.
Бишкек шаардык милициядан аталган факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жаткандыгын, анын жыйынтыгы менен жол кырсыкка ким күнөөлүү экендиги анык болорун айтышты.