Эмомали Рахмон мэр уулуна "Алтын таажы" тапшырды

Президент баласын аткаруу бийлигиндеги татыктуу жана жемиштүү иши үчүн сыйлады.
Sputnik

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Душанбе шаарынын мэри, өзүнүн тун уулу Рустами Эмомалини 2-даражадагы "Алтын таажы" төш белгиси менен сыйлады. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

Кимдин баркы менен? Атасын ээрчип саясатка баш баккан уул-кыздар
Президент өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына карата ар кандай кесип ээлерине бир катар мамлекеттик сыйлыктарды тапшырган.

Рустами Эмомали 26 жашында Бажы кызматын жетектеп, эки жылдан кийин Финансылык көзөмөл жана коорупцияга каршы күрөшүү агенттигине башчы болуп дайындалган.

Ал эми азыркы ээлеген кызматына өлкө башчынын жарлыгы менен 2017-жылдын 4-апрелинде келген.