Эл көрө элек сүрөттөр! Атактуу адамдар мектеп курагында кандай эле?

Sputnik

Сооронбай Жээнбеков, Дастан Жумабеков, Аида Салянова, Аида Исмаилова, Нурзат Токтосунова, Манас Ниязов аттуу белгилүү адамдар окуучу кезинде кандай эле? 1-cентябрь Билим күнүн утурлай Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги белгилүү адамдардын окуучулук кезиндеги сүрөттөрүн сунуштайт.

1 / 17
Бешиктеги баланын бек болорун ким билсин... Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Нарындагы Чкалов мектебин бүтүргөн.
2 / 17
Өлкөнүн биринчи адамы! Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылындагы мектептен билим алган.
3 / 17
Азыр бул тестиер кыз Жогорку Кеңеште отурат. Эл өкүлү Аида Исмаилова борбордогу №62 мектепти аяктаган.
4 / 17
Бир карап тааный аласызбы? Белгилүү алып баруучу Нурзат Токтосунова Ысык-Көл облусундагы Ичке-Суу орто мектебинде билим алган.
5 / 17
Ошол кезде эле чыкыйта костюмду кийип... Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков (солдо) Таластагы Кара-Буура районунун Сатыке айылындагы орто мектепте билим алган.
6 / 17
КР Эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева Аксы районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы 36-орто мектепте окуган.
7 / 17
Мектеп босогосун жаңы аттаган кез. Депутат Алмамбет Шыкмаматов Жумгал районунун Кызарт айылындагы Жаңы-Арык орто мектебинде билим алган.
8 / 17
Мирбек Атабековду кандай куракта болбосун "жымыңдаган" көздөрүнөн таанууга болот. Ырчы Таласта, андан соң Бишкекте окуган.
9 / 17
Кезинде журналист катары таанылып, учурда депутаттыкты аркалаган Аида Касымалиева Ошто алгач мектепте, андан соң гимназияда окуган.
10 / 17
Сүйлөсө тилинен чаң чыккан алып баруучу Назира Айтбекова. Ал Балыкчы шаарындагы Ленин атындагы №4 гимназия-мектебин бүтүргөн.
11 / 17
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Данияр Тербишалиев Ысык-Көлдө, андан соң Бишкектин №60 мектебинде окуган.
12 / 17
Сүрүн кара! Учурдун эң мыкты көк бөрү оюнчусу Манас Ниязов (оңдо) Оштогу Курманжан Датка орто мектебин аяктаган.
13 / 17
Депутат Ирина Карамушкина Фрунзедеги №26 мектебин бүтүргөн.
14 / 17
КРдин эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева (оңдо) Таластын Калба айылындагы орто мектепте окуган.
15 / 17
Кыязы "мен айтайынбы?" дегендай кол көтөрүп жатат го. ЖКнын мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Талас облусунун Манас районундагы Үсөнбаев атындагы мектепти бүтүргөн.
16 / 17
Эл артисти Курмангазы Азыкбаев Нарында окуган
17 / 17
Милиционердин ролун катыра ойногон актер Аскат Сулайманов (ортодо). Балыкчы шаарындагы Ленин атындагы №4 гимназия-мектебин бүтүргөн.