Абылгазиев: баланын келечегин ойлобогон ата-энени жоопкерчиликке тартуу керек

Премьер мамлекет тараптан бюджеттик каражаттан 30 млрд. сом билим берүүгө багытталарын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарындагы №25 орто мектептеги Билим күнүнө арналган салтанатка катышып, мугалимдер менен катар ата-энелер да баланын тарбиясы жана окуусу үчүн жоопкерчилик алышарын айтты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

1 / 3
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарындагы №25 орто мектептеги Билим күнүнө арналган салтанатка катышып, мугалимдер менен катар ата-энелер да баланын тарбиясы жана окуусу үчүн жоопкерчилик алышарын айтты
2 / 3
Өкмөт башчы мектеп окуучуларын жана мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен жылуу куттуктаган соң, бир топ маселелерге токтолгон
3 / 3
Премьер-министр ар кыл себептер боюнча мектепке барбаган балдардын көйгөйүн чечүү маанилүү маселеле болуп жаткандыгын айткан.

Өкмөт башчы мектеп окуучуларын жана мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен жылуу куттуктаган соң, бир топ маселелерге токтолгон.

"Мамлекет тараптан бюджеттик каражаттын 18 пайыздан ашууну, же болжол менен 30 млрд. сом билим берүүгө багытталат. Жыл соңуна дейре дагы 52 билим берүү объектиси ишке берилет, мында заманбап мектептерди курууга басым жасалат", — деген Абылгазиев.

Премьер-министр ар кыл себептер боюнча мектепке барбаган балдардын көйгөйүн чечүү маанилүү маселеле болуп жаткандыгын айткан.

Жээнбеков: биздин милдет — бийик адамдык касиетке ээ болгон балдарды тарбиялоо
"Мугалимдер менен катар ата-энелер да баланын тарбиясы жана окуусу үчүн жоопкерчилик алышат. Мектепке барбай калган балдардын ата-энелери аларды каражат табууга жумшашат. Биз бул көйгөйдү чечүүбүз зарыл. Керек болгон учурда, баланын келечеги тууралуу ойлонбогон ата-энелерди жоопкерчиликке тартуу кажет", — деген Абылгазиев.

Жыйынтыгында ал Бишкек шаарындагы №25 орто мектепке кошумча компьютердик класс үчүн жабдуу алууга сертификат тапшырган.

Аталган мектеп долбоордук кубаттуулугу 800 орунга жеткизилип, толугу менен реконструкцияланган.

Реконструкция учурунда мектептин чатыры, жылытуу, суу менен камсыздоо, жарыктандыруу тутуму модернизацияланып, тышкы жасалгалоо иштери аткарылган, кабинеттердеги эшик-терезелер жана эмеректери алмаштырылган.