Оштогу бала бакчада бөбөк эмнеге чарчап калды. Милициянын түшүндүрмөсү

Кырсык 3-августта болгону менен коомчулук аны эми гана билип отурат.
Sputnik

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Ош шаарындагы №40 бала бакчада үч жашар бала чарчап калды. Бул туурасында аталган шаардык милициядан кабарлашты.

Ошто 6 жаштагы бала электр тогуна урунуп каза болду
Мурдараак Facebook колдонуучусу Хулькар Исамова жазган.

"Ош шаарындагы №40 бала бакчада чатак окуя болду. Төрт жашар бала уктап жатып эле ойгонбой калыптыр. Баары унчукпай турушат. Ал эми Шаардык билим берүү башчысы Көчмөндөр оюнуна кетип жатат" деп жазган.

Милициядан алдын ала маалымат боюнча бала уктап жатып эле ойгонбой калганда тарбиячылар Тез жардам чакыргандыгын айтышты.

"Баланын ата-энеси соттук-медициналык экспертизага жана милицияга арыз жазгандан баш тартышты", — дешти тартип коргоо органдарынан.

Алар бөбөк мамлекеттик бала бакчага баргандыгын жана ата-энеси наристенин талма оорусу бар экендигин жашырып коюшкандыгын маалымдашкан.

Бул факты боюнча иликтөө иштери башталды, бирок кылмыш иши козголо элек.