Бишкекте милициянын унаасы жай жарандын автокөлүгү менен кагышты

Окуя Юнусалиев жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 31-авг.— Sputnik. Бишкекте Юнусалиев жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде милициянын унаасы Toyota Camry менен кагышты. Кырсыктын видеосун КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган. 

ЖКККБнын маалымат кызматы жол кырсыгы болгондугун тастыктады. 

"Кызматтык автоунаа Адистештирилген күзөт кызматынын  башкармалыгынын Октябрь райондук бөлүмүнүн кызматкерлерине таандык болуп чыкты. Окуя каттоого алынып, автоунаалар айып короого токтотулду", — деп айтышты маалымат кызматынан. 

Милициядан кырсык болгон учурда кызматтык унаа атайын белги менен кетип бара жаткандыгын кошумчалашты. 

Жол кырсыгына кабылгандар жеңил жаракат алышканы айтылды.