Бишкекте жол кырсыгынан бус оодарылып, эки өспүрүм ооруканага жеткирилди

Автокырсык бүгүн эртең менен болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Борбор калаадагы Калык Акиев жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жүк ташуучу бус менен Honda Stream унаасы сүзүштү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

1 / 2
Борбор калаадагы Калык Акиев жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жүк ташуучу бус менен Honda Stream унаасы сүзүштү
2 / 2
Бишкек милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан кырсык болгонун такстыктап, анын кесепетинен эки өспүрүм ооруканага жиберилгенин айтышты.

Анын айтымында, жол кырысыгы бүгүн, жума күнү саат 8.30дар чамасында болду.

"Калык Акиев көчөсү менен келе жаткан бусту минивэн сүзүп алганда, биринчи унаа капталына оодарылып калды. Мен кашынын тушу жарылып кеткен аялды жана эс-учун жоготуп койгон 7-8 жаштагы баланы көрдүм", — деди ал.

Бишкек милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан кырсык болгонун такстыктап, анын кесепетинен эки өспүрүм ооруканага жиберилгенин айтышты.