Боксчу Азат Усеналиев Азия оюндарда коло медалга татыды

Азат Усеналиев жарым финалда өзбек спортчусу Жасурбек Латиповго утулуп калды.
Sputnik

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Кыргызстандык боксчу Азат Усеналиев Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында коло байгеге ээ болду. Бул туурасында мелдештин расмий сайтында айтылат. 

Кучак толо гүлдөр жана мактоолор! Дарья Маслованы "Манас" аэропортунан тоскон азем
Ал рингде 52 килограммда күч сынашып, жалпысынан төрт беттеш өткөргөн.

1/16 финалда лаостук, 1/8 финалда пакистандык, чейрек финалда кытайлык боксчуну утуп, жарым финалда өзбекстандык Жасурбек Латиповго жеңилип калды. Натыйжада коло байгеге ээ болгон.

Ушуну менен кыргызстандыктардын Азия оюндарындагы медалы 20га жетти. Анын экөө — алтын, алтоо — күмүш, он экиси — коло байге.