Арак түбүнө жетип бараткан өлкөлөрдүн рейтинги чыкты

Рейтингдин түзүүчүлөрүнүн ырасташынча, арак адам өмүрүн алууда жана майыптыкка алып келүүдө алдыңкы ондукка кирет.
Sputnik

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Арактан көп өлгөндөрдүн алдыңкы катарында Кытай турат. Бул тууралуу "Известия" басылмасы Lancet медициналык журналына таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, 2016-жылы ичкиликтин айынан 59 миң аял менен 650 миң киши каза болгон.

Ичимдиктин мурда эл билбеген зыяны аныкталды
Эркектердин көбү арактан улам мээсине кан куюлуп кетип бул дүйнө менен кош айтышат. Андан кийинки орунда инсульт, жүрөк оорусу жана талма турат.

Экинчи орунда Индия турат. Бул мамлекетте мурдагы жылкы маалыматтар боюнча 42 миң аял менен 290 эркек киши арактан каза тапкан. Алдыңкы үчтүктө Россия дагы бар. 2016-жылы арак 43 миң аялдын жана 180 миң эркек кишинин өмүрүн алган.

Рейтингдин түзүүчүлөрүнүн ырасташынча, арак адам өмүрүн алууда жана майыптыкка алып келүүдө 2016-жылы жетинчи орунга чыккан.