Жумага карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 30-авг — Sputnik. 31-августта Кыргызстанда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +23…+28 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25…+30, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +17…+22 градус жылуу болот.

Ал Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы Бишкекте +26…+28 градуска жетсе, Ош шаарында +28…+30 градус ысык болору болжолдонду.