Мэрия: Суракматовдун айдоочусу айыпка жыгылган эмес

Буга чейин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖККББ) инспектор Lexus LX 570 автоунаасынын айдоочусуна айып тагып, машинанын алдыңкы терезелеринин тонировкасын алганын билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Бишкек шаар мэриясынын маалымат кызматы социалдык тармактагы баракчасына мэр Азиз Суракматовдун айдоочусу тонировка үчүн айыпка жыгылды деген маалымат чындыкка туура келбей турганын жарыялады.

Суракматов жыйынын парктардын маселесинен баштады. Мэр койгон 9 талап
Буга чейин жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖККББ) инспектор Lexus LX 570 автоунаасынын айдоочусун айыпка жыгып, машинанын алдыңкы терезелеринин тонировкасын алганын билдирген. Бул машинада Бишкектин мэри Азиз Суракматов жүргөн.

ЖКККББдин маалымат кызматы айдоочу тонировканы алганын тастыктап протоколго кол коюп бергенин билдирип, анын сүрөтү социалдык тармакка жарыяланганын Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымдады.

Өз кезегинде мэриянын маалымат кызматы инспекторлор айдоочуга оозеки эскертүү берип, ал тонировкасын алганын билдирүүдө. Андан сырткары, мэриянын маалымат кызматы укук коргоо органдарына маалыматты ЖМКларга берүүдө так болууга чакырат.