Кыргыз сумочулары Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарында алдыңкы орундарды багындырууга аракеттенүүдө. Бул тууралуу Эмиль Джамангулов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыргызстандыктар быйыл аталган иш-чарага биринчи ирет катышканы турат.
"Мурдагы Оюндардан айырмаланып бул жылы иш-чарага сумо күрөшү да кошулду. Албетте бул биз үчүн кубанычтуу кабар болду. Жоопкерчиликти сезип сумочуларыбыз да кызуу даярданууда. Буюрса алдыңкы орундарды алат деп ниет кылып жатабыз", — деди вице-президент.
Ал мындан сырткары сумо күрөшүн аймактарга жайылтууну көздөп жатканын кошумчалады.