Адилет Султаналиев премьер-министрдин маалымат катчысы болуп дайындалды

Жаңы маалымат катчы буга чейин президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти, бөлүм башчысынын орун басары болуп эмгектенген.
Sputnik

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik.Адилет Султаналиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин басма сөз катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Пресс-секретарь премьер-министра Адилет Султаналиев

Султаналиев буга чейин Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин редактору, президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти, бөлүм башчысынын орун басары болуп эмгектенген.