Коңшу өлкөлөрдөн эт жана сүт азыктарын киргизүүгө тыюу салынды. Себеби

Мамлекеттик инспекция кайсы азыктарды алып келүүгө болбостугун айтып берди.
Sputnik

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Өлкөгө Өзбекстан, Түркмөнстан жана Казакстандан мал, эт жана сүт азыктарын алып керүүгө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын сайтына жарыяланды.

Этти экспорттоого коюлган бөгөт качан алынат? Ветинспекциянын түшүндүрмөсү
Токтомго өлкөнүн башкы ветеринардык инспектору Калыс Жумаканов 27-август күнү кол койгон.

Буга ЖМКларда Өзбекстан менен Казакстандын айрым аймактарында бодо малдан тери ооруларына байланыштуу инфекциялар чыгып жаткандыгы тууралуу жазган макалалары себеп болууда. Инспекция өкүлдөрү бул илдет Түркменистандан келиши мүмкүн деп болжолдошууда.

Аталган өлкөрөлрдөн төмөндөгүлөр убактылуу алып келинбейт:

— Бодо мал, зоопарк жана цирктерде багылчу ача туяктуулар;

— Бодо малдын эти жана эттен жасалган азык-түлүктөр;

— Ача туяктуу малдын мүйүздөрү, териси жана башка бөлүктөрү;

— Тери ооруларын тез жуктуруп алчу жаныбарлар;

— Бодо малдын генетикалык материалдары;

— Бодо малды кармоочу жана ташуучу үчүн мурда колдонулган жабдуулар.