Кийинки Көчмөндөр оюндары кайда өтөрү божомолдонду

Көчмөндөр оюндары буга чейин Кыргызстанда гана өткөрүлүп келген.
Sputnik

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Учурда Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын өткөрүү эстафетасын башка өлкөгө, балким Туркияга өткөрүп берүү маселеси каралууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Бул маселе Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдогандын 1-2-сентябрда Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында сүйлөшүлөт" — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Көчмөндөр оюндары буга чейин Кыргызстанда гана өткөрүлүп келген.