Иосиф Кобзон дүйнө салды

Баскетбол. Матч, посвященный 90-летию Александра Гомельского
Ырчынын онкологиялык дартка кабылганы мындан 13 жыл мурун белгилүү болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Бүгүн, 30-август күнү, СССРдин эл артисти, Мамлекеттик думанын депутаты Иосиф Кобзон каза болгонун РИА Новости маалымдады.

Маркумдун 80 жашта экени айтылды.

"Кобзон 20-июль күнү оор абалда ооруканага жаткырылган. Ырчынын онкологиялык ооруга кабылганы 2005-жылы белгилүү болгон. Бир нече ирет операция жасалып, химиялык терапиянын курсунан өткөн", — деп жазылат билдирүүдө.

Борбор Азиядан чыккан алгачкы аял хирург, элдик билим берүүнүн отличниги, эмгек сиңирген дарыгер, Кыргызстандын илимий ишмери жана медицина илимдеринин доктору Какиш Рыскулова. Архив
Борбор Азиядагы туңгуч аял хирург Какиш Рыскулова дүйнө салды
Белгилей кетсек, Кобзон 1937-жылы 11-сентябрда Украинанын Часов Яр шаарында жарык дүйнөгө келген. Жаштайынан ырга жакын өскөн бала 9 жашында Крмлде Иосиф Сталиндин алдында ырдап чыккан.

Армиядан келгенден кийин Гнесиныз атындагы мамлекеттик музыкалык-педагогикалык инстиутуттун вокал факультетине өткөн.

Иосиф Кобзон жарым кылымдан ашуун убакыт бою сахнада жүрдү.