Гуштини милли камарбанди. Тажик күрөшүнүн эрежеси

Гуштини милли камарбанди (гуштини – күрөш, камарбанд – кур, милли – улуттук) — тажик элинин улуттук күрөш түрлөрүнүн бири. Бел боо күрөшү деп атаса да болот. Тарых булактарында бул күрөш 6000 миң жыл мурда эле пайда болгону жазылат.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыгы, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен биргеликте спортчулар күч сынашчу мелдеш түрлөрүнүн эрежелерин даярдоодо. Бул ирет гуштини милли камарбанди менен тааныштырабыз.

Жалпы жобо

3000 жылдан бери белгиленип келген Нооруз майрамында гуштини милли камарбанди өтчү. Бул күрөш согуштук машыгуунун бир түрүнөн кирген. Анткени жортуулга чыккан жоокерлер ат үстүндө жоо менен кармашкандыктан белдин жана билектин күчү чоң роль ойногон.

Кийинки Көчмөндөр оюндары кайда өтөрү божомолдонду
Балбандар яхтак (үч бурчтуу кесилген, жеңи узун көйнөк) жана ак түстөгү шымдарды кийишет. Элдин астына чыкканда бири-бирине карама-каршы туруп, бири-бирин бел курдан кармайт. Андан соң арбитр даярдыгын текшерип команда бергенден кийин күрөштү башташат. Атаандашын көтөрүп чаап далысын жерге тийгизген балбан жеңүүчү аталат.

Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндары 2018-жылдын 2-сентябрында Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда башталат. Мелдештин курамына спорттун 37 түрү кирип, 79 өлкөнүн 2300 спортчусу күч сынашмай болду. Спорттун түрлөрүнө 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген.